Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/1
“Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын 6-айында аткарылган иштеринин маалыматы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык жана Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Ала-Бука айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1.Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык эмес деп бааласын.
2. Жыйынтыгы боюнча аудит жалдоого жана тийешелүү органдарга кайрылуу берилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А. |