Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/2
“Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин долбоорун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Ала-Бука айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 192 573 300 сом болуп бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин кирешесинин болжолдуу долбоору:
- 2026-жылдын бюджетинин кирешеси 193 737 300 сом;
- 2027-жылдын бюджетинин кирешеси 195 607 300 болуп бекитилсин.
3. Аталган жылдарга карата бюджеттин чыгаша бөлүгү ушул кирешелерге негизделип бекитилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Умаров |