АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/2
“Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык жана Ала-Бука айылдык кеңешинин бюджет экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Ала-Бука айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен ашыкча түшкөн 2 000 000 сом акча каражатынын эсебинен Ала-Бука айылынын Жаңы-Шаар участогундагы 250 метр аралыктагы жолду асфальттоо долбоорунун өздүк салымы үчүн 3111 (Имараттар жана курулмалар)-беренесине которулуп каржыланууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчаларынын атайын каражатынын (Кызмат көрсөтүү) кирешесин 12 000 000 сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитетине жана өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Умаров |