Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 токтомуна) |
Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 , 2026-жылдын 12-февралындагы № 95 , 2026-жылдын 21-июлу № 500 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 3-бөлүгүнүн, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-1-статьясынын 1-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу максатында иштелип чыкты жана киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө кийинки календардык жылы (1-январдан 31-декабрга чейин) колдонуу үчүн өткөн жылдагы орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эмгек жана эмгек акы боюнча статистикалык отчеттуулуктун жылдык маалыматтар базасынан өткөн календардык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына берет:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөндөрдөн башка төлөөчүлөрдүн, анын ичинде "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-2-статьясына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашыруучу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын аймактарында катталган төлөөчүлөрдүн киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөсү үчүн колдонулуучу Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн ("Кумтөр" кенинде иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары);
2) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-2-статьясында (Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын аймактарында катталган төлөөчүлөрдү кошпогондо), 6-статьянын 1, 2-1, 6-пункттарында, 10-статьянын 1-1-пунктунда көрсөтүлгөн төлөөчүлөрдүн киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөсү үчүн орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпы республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 50 пайыздан көп ашкан ишканаларды кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн.
3) чет өлкөдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактардын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөсүн эсептөө үчүн өткөн календардык жылдагы республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн."
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы N 7 2026-жылдын 12-февралындагы № 95, 2026-жылдын 21-июлу № 500 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ыйгарым укуктуу салык органына эмгек жана эмгек акы боюнча статистикалык отчеттуулуктун жылдык маалыматтар базасынан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү көлөмүн аныктоо үчүн өткөн календардык жыл үчүн республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат берет.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу салык органы жыл сайын ошол жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматынын негизинде өткөн календардык жылдагы республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.