Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХХVI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 30-июлу № 4
Раззаков шаар мэриясына жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаар мэриясына жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» №735 токтомуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков жайыт комитетинин 15338,714га жайыт жерлери жана пайдаланууга берилген 312,2491га жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугу Раззаков шаар мэриясына өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Жайыт жерлерин бир айлык мөөнөттө инвентаризациялоо жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын жана инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча маалымат Раззаков шаардык Кеңешине берилсин.
4. Исфана шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы “Исфана шаар баркармасына караштуу жазгы, жайкы жана кышкы жайыт жерлерин Исфана жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндөгү” №3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |