Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХХVI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 30-июлу № 5
Раззаков шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 22-январындагы №1 токтому менен бекитилген бюджеттик сметанын эсебинен жаны сатылып алынган Novo TCFY5120ZYSS5 үлгүсүндөгү таштанды ташуучу атайын техниканын бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн 75000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |