Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХХVI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 30-июлу № 6
Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 22-январындагы №1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 22-январындагы №1 токтомуна өзгөтүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 22-январындагы “Раззаков шаарынын 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө” №1 токтомунун 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер жана бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |