Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХХVI СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 30-июлу № 7
Жаны курулган муниципалдык мал жана автоунаа базарга келген малдардан, автоунаалардан жана атайын автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу кызмат акы (чек) өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын жаны курулган муниципалдык мал жана автоунаа базарга келген малдардан, автоунаалардан жана атайын автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу кызмат акы (чек) өлчөмүн бекитүү жөнүндө жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны курулган муниципалдык базарга келген малдардан, автоунаалардан жана атайын автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу кызмат акы (чек) майда мүйүздүү малдар үчүн (бир башка) 40сом, ири мүйүздүү (бодо) малдар үчүн (бир башка) 80сом жана жылкылар үчүн (бир башка) 100сом ал эми автоунаа базарга келген жеңил автоунаалардан 100сом, жүк ташуучу автоунаалардан 150сом, атайын автоунаа токтоочу жайлардан 20сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |