Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/7
“Кең-Кол айылындагы стадионго ысым ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 10-пунктунун 4-абзацына ылайык Ала-Бука айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Кол айылындагы жаңы курулган стадионго Малаков Термечиктин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Стадионго Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, стадиондун катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.
3. Стадиондун катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Умаров |