Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVII сессиясы
2024-жылдын 15-августу №8
Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын карамагында турган 2 (эки) атты (жылкы) ишкананын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине, «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жобого ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык муниципалдык «Жашылдандыруу » ишканасынын эсебинде турган турган 2 (эки) атты (жылкы) ишкананын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берилсин
2. Нарын шаардык муниципалдык «Жашылдандыруу » ишканасы жана Нарын шаардык мэриясы аттарды муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына жана «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболоруна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Аттарды сатуудан түшкөн акча каражатынын эсебинен Нарын шаардык муниципалдык «Жашылдандыруу » ишканасына 2 (эки) даана трицикл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А. Молдосалиев |