Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 495
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдары менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана анын институттары | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
а. КМШнын аткаруу комитети | а. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | |
б. КМШга катышкан мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңеши | б. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек aрa кызматы | |
в. КМШга катышкан мамлекеттердин Статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши | в. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети (макулдашуу боюнча) | |
г. КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын башка кооптуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюро | г. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | |
д. КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин катчылыгы | д. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | |
е. КМШнын экономикалык соту | е. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту | |
ж. КМШга катышкан мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору | ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | |
з. КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңеши | з. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) | |
и. КМШга катышкан мамлекеттердин КМКнын алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитети | и. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | |
к. КМШга катышкан мамлекеттердин Салыктык (финансылык) териштирүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | к. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | |
л. КМШга катышкан мамлекеттердин Салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши | л. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | |
м. КМШнын Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | м. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | |
н. КМШнын Гидрометереология боюнча мамлекеттер аралык кеңеши | н. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | |
о. КМШга катышкан мамлекеттердин Баалуу кагаздар рынокторун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кеңеши | о. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы | |
п. КМШга катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши | п. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | |
р. КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясы | р. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 70 (3624) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |