Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/9
“Достук айылындагы Откорма көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жыл №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 6-7-пунктарынын негизинде айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айылындагы Откорма көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, маркум Толибаев Алишердин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөдөгү турак үйлөрдүн катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.
3. Көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Умаров |