Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-августу № 163
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 1-бөлүгүндө "базалык мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин түзүмү";
3) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттен төмөнкүдөй ассигнованиелер:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары катары берилүүчү;
- саламаттык сактоодогу максаттуу программаларды ишке ашырууга берилүүчү;
2) Социалдык фонддун бюджетинен алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна камтылбаган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте өндүрүлгөн финансылык санкциялар;
5) эл аралык уюмдардан алынган гранттар;
6) социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кирешелер.";
4) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Бюджеттин чыгашалары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоого;
3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жаатындагы ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө.";
5) 77-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтойт;";
б) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды саламаттык сактоо жаатында ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багыттайт;".
2-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) медициналык камсыздандыруунун субъекттери - камсыздоочу, медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууга ыйгарым укуктуу орган, камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак, берүүчү;
2) камсыздоочу - медициналык камсыздандыруу боюнча төлөм берген жеке же юридикалык жак;
3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу орган;
4) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашыруучу орган;
5) милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган, камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына өткөрүп берүү боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
6) камсыздандыруучу - медициналык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
7) камсыздандырылуучу - ал үчүн камсыздандыруучуга медициналык камсыздандыруу төлөмү келип түшкөн жак;
8) берүүчү - менчигинин түрүнө карабастан дарылоочу-алдын алуучу, фармацевтикалык мекеме же уюм, же болбосо жеке медициналык практиканы же фармацевтикалык ишти жүргүзгөн, иштин бул түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу, фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу адам;
9) медициналык, алдын алуучу, фармацевтикалык, реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр- медициналык жана алдын алуучу жардам, фармацевтикалык камсыздоо;
10) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы - милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин негизинде берүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жана алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн, дары-дармек менен камсыз кылуунун көлөмү жана шарттары;
11) ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу программасы - түзүлгөн келишимдерге ылайык камсыздандыруу уюму тарабынан көрсөтүлүүчү жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынан тышкары көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуучу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана шарттары;
12) медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруучуга төлөнүүчү медициналык милдеттүү же ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү;
13) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифи - камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү;
14) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
15) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы)- саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга алардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.";
3) I-1 бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 5-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-статьянын экинчи бөлүгүндө "медицина-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасында жарандарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын" деген сөздөр "Мамлекеттик кепилдиктер программасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10 жана 11-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууга ыйгарым укуктуу органдар
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жана аларды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруу органы милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жана аларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органына берүүнү жүзөгө ашырат.
11-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдар
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы жана анын аймактык башкаруу органдары жүзөгө ашырат.";
7) 13-статьяда:
а) биринчи бөлүктө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;";
- төртүнчү абзацта "медициналык мекемеде" деген сөздөр "саламаттык сактоо уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого.";
8) 15-статьянын биринчи бөлүгүндө "контролдоого укуктуу" деген сөздөр "контролдойт" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жарандык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандарга медициналык, ден соолукту чыңдоочу, реабилитациялык, алдын алуучу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүүгө;";
10) 17 жана 18-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөр
Камсыздандыруу төлөмдөрү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан чогултулат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын эсебине өз убагында которуу жана топтоо үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органына берилет.
18-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин өлчөмдөрү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан каралат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.";
11) 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин өз ара мамилелери
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумундагы өз ара мамилелер келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.";
12) 21-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдердин шарттары";
13) 22 жана 23-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинен жүзөгө ашырылат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетинин курамына кирген каражаттар мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин, фонддордун курамына кирбейт жана салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.
23-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органдары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруунун жогорку органы болуп, бардык кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүк принциби боюнча түзүүчү Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш саналат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун башкаруу органы болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган саналат.";
14) 24-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш";
б) биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш):";
15) 25-27-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган
Милдеттүү медициналык камсыздандырууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын өзүнүн аймактык башкаруу органдары болот жана алар аркылуу тиешелүү аймакта жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган жана анын аймактык башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
26-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын аймактык башкаруу органдары
Аймактык башкаруу органдары аймактык принцип боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган тарабынан түзүлөт.
Аймактык башкаруу органдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык иштейт.
27-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын укуктары
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу орган төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн тейлөөчүнү тандоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда иштеген берүүчүлөр тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү маалыматтын аныктыгын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата оң же терс мүнөздөгү финансылык чараларды көрүү.";
16) 29 жана 30-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын жана анын аймактык башкаруу органдарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу субъекттеринин алдындагы жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен аныкталат.
30-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органынын жоопкерчилиги
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогултулган каражаттардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн каражаттарын топтоону жүзөгө ашыруучу органга өз убагында жана толук которулбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органы милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогултулган каражаттардын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруучу органдын бюджетине өз убагында жана толук которулбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.";
17) 301-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 500-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бирдиктүү төлөөчү тутум - саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган калкка көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү үчүн эсептешүү боюнча каржылоону андан ары жүргүзүү максатында милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын бириктирип топтоо.";
2) 2-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары;
2) дарылануу учурунун орточо наркы - ар бир камсыздандырылган оорулуунун дарыланышына багытталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын жана калктын тең төлөө каражаттарынын көлөмүн чагылдырган орточо эсептешүү көрсөткүчү;
3) киши башына карата ченем - түзөткүч коэффициенттерине түзөтүү киргизүү менен бир тейленүүчүгө же бекитилген милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган тургунга алгачкы жана адистештирилген медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бириктирилген бюджети - мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын жыйындысы;
5) берүүчү - түзүлгөн келишимдердин негизинде бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жеке же юридикалык жак;
6) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү.
3-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун максаты жана негизги принциптери
Бирдиктүү төлөөчү тутумун киргизүүнүн максаты Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышын жана саламаттык сактоодо каржылоо усулдарын өркүндөтүүнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо бюджетин бириктирүү болуп саналат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун негизги иштөө принциптери:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды алууда жарандар үчүн бирдей жетимдүүлүгү;
- берүүчүлөрдүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарына бирдей жетүүсү;
- Бирдиктүү төлөөчүнүн жана берүүчүнүн функцияларын аткаруучу органдардын ортосундагы келишимдик мамилелери;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууда берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) түзүүнүн бирдиктүү усулдарын пайдалануусу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана тең төлөө каражаттарын колдонууда берүүчүнүн финансылык өз алдынчалыгы.
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы эсептешүү боюнча берүүчү тарабынан алынган милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын тең төлөө каражаттарына жана атайын каражаттарга салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.
4-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн функцияларын аткарууга ыйгарым укуктуу орган
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү төлөөчү болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоого ыйгарым укуктуу аткаруу органы саналат.
5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин финансылык негиздери
Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна башкарууга өткөрүп берилет.
Бирдиктүү төлөөчү берүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерине түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат.
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча аныкталат.
Бирдиктүү төлөөчү калктын тең төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде жыйынды маалыматтарды түзөт жана аларды бириктирилген бюджетти түзүүдө пайдаланат.";
3) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүк "саламаттык сактоо жана" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү" деген сөз менен толукталсын;
б) экинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары
Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- бюджеттик стратегияны иштеп чыгууга катышууга;
- жыл сайын милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылык камсыз кылуу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыгууга катышууга;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра кароо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- берүүчүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын, тең төлөмдү пайдаланышын контролдоого.
8-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн милдеттери
Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын майнаптуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңешке милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту берүүгө;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана өнүгүүнүн башка тармактык программаларын аткаргандыгы үчүн берүүчү менен эсептешүүлөрдү өз убагында жүргүзүүгө.".
4-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 16-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;";
б) 2-бөлүктүн 5 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 75-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коомдук саламаттык сактоо мамлекеттик уюмдарын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) ыктыярдуу төгүмдөр - юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн өз алдынча чегерүүлөрү;
4) эл аралык уюмдардан, донор-өлкөлөрдөн алынган гранттар, кредиттер;
5) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
6) кошумча төлөм каражаттары;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.";
3) 76-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76-берене. Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери
Коомдук саламаттык сактоону каржылоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) коомдук саламаттык сактоонун көрсөтүлгөн кызматтарын мамлекеттик бюджеттен каржылоо;
2) мамлекеттик, максаттуу жана региондук (вертикалдуу жана горизонталдуу интеграцияланган) программалардын негизинде бюджетти түзүү;
3) бюджеттерди түзүүнүн жана аткаруунун натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун принциби каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен алдыдагы мезгилге каралган максаттарга жетүү же тескөөдөгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетүү зарылчылыгына жараша жүзөгө ашыруу;
4) бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджеттик процесстин катышуучуларынын жоопкерчилигинин принциби бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун өз иши, финансылык маалыматтын аныктыгы жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо;
5) атайын эсептердеги каражаттар боюнча кирешелердин сметасын түзүүнүн жана аткаруунун, саламаттык сактоо уюмдарынын сметаларынын чыгымдык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү тартиби;
6) эл аралык донорлордон жана башка түрдөгү булактардан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү бардык ресурстарды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бюджеттин бардык чыгымдарын бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу.";
4) 78-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) Бирдиктүү төлөөчү - милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоого ыйгарым укуктуу болгон милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу органы;";
б) 37-пунктта ", базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөр алып салынсын;
в) 88-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"88) Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары;";
г) 123-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"123) Бирдиктүү төлөөчү тутум - саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган калкка көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызматтар үчүн эсептөөлөр боюнча каржылоону андан ары жүргүзүү максатында милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын бириктирип топтоо;";
2) 9-беренеде:
биринчи абзац, 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү;
2) калктын билим деңгээлин жана сергек жашоо образын калыптандырууда жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү;";
3) 10-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "ишке ашыруу" деген сөздөр "жүзөгө ашыруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоону ишке ашыруу;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 18 жана 19-пункттар менен толукталсын:
"18) Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренесиз негизде финансылык жактан камсыз кылуу;
19) Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин минималдаштырууну камсыз кылуу.";
4) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо
1. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу төрагалары - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери же алардын орун басарлары жетектеген саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.";
5) 26-беренеде:
а) 2-бөлүктө ", базалык мамлекеттик" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каржылоонун көлөмү тиешелүү бюджеттерди бекитүүдө Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленет.";
6) 55-берененин 1-бөлүгүндө ", базалык мамлекеттик" деген сөздөр алып салынсын;
7) 63-берененин 3-бөлүгүндө ", базалык мамлекеттик" деген сөздөр алып салынсын;
8) 74-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) инфекциялык эмес оорулар менен ооруган адамдарды алдын алуу, дарылоо жаатындагы мамлекеттик кепилдиктерди камсыздоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;";
9) 80-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) психиатриялык стационарларда жаткан бейтаптардын укуктарын коргойт, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алат, аларды бул психиатриялык мекеменин администрациясы менен чечет же алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлик органдарына, прокуратурага же сот органдарына жөнөтөт.";
10) 137-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары;
3) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
4) ыктыярдуу төгүмдөр - юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын өз алдынча чегерүүлөрү;
5) эл аралык уюмдардан, донор өлкөлөрдөн алынган гранттар, кредиттер;
6) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;
7) тең төлөөнүн каражаттары;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетин түзүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашырган аткаруу органынын бюджеттик каражаттарынан медициналык-санитардык жардамды каржылоо жана көлөмдөрү боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөрдү эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча каржылоонун ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
11) 138-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "138-берене. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун бириктирилген каражаттары";
12) 139-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"139-берене. Саламаттык сактоо тутумун каржылоонун негизги принциптери
Саламаттык сактоо тутумун каржылоонун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жынысына, жаш курагына, жашаган жерине, социалдык тегине карабастан калктын медициналык-санитардык жардамдын кепилденген түрлөрүнө бирдей жетүү;
2) ММК каражаттары боюнча медициналык-санитардык жардамды келишимдик негизде каржылоо жана көрсөтүү;
3) бюджеттердин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын натыйжалуулук жана майнаптуулук принциби алдыдагы мезгилге каралган максаттарга каражаттардын минималдуу көлөмүн тартуу менен жетүү же тескөөдөгү бюджеттик каражаттарды пайдалануу менен максималдуу натыйжаларга жетүү зарылдыгынан жүзөгө ашырылат;
4) бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн бюджет процессинин катышуучуларынын жоопкерчилик принциби бюджеттик процесстин ар бир катышуучусунун өз иши, финансылык маалыматтын аныктыгы жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилигин карайт;
5) атайын эсептердеги каражаттар боюнча кирешелердин сметасын түзүүнүн жана аткаруунун, саламаттык сактоо уюмдарынын сметаларынын чыгымдык милдеттенмелерин жүзөгө ашыруунун, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн бирдиктүү тартиби;
6) эл аралык донорлордон жана башка түрдөгү булактардан саламаттык сактоо секторуна түшүүчү бардык ресурстарды бирдиктүү казыналык эсепке чегерүү жана бюджеттин бардык чыгымдарын бирдиктүү казыналык эсептен жүзөгө ашыруу.";
13) 143-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен.";
14) 144-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо уюмдары келишимдердин негизинде Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ишке ашырылып жаткан программалар боюнча медициналык жана башка кызматтарды көрсөтөт.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пунктта "Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетинин" деген сөздөр "Республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 145-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"145-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо
Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо уюмдаштыруучу тарабынан республикалык бюджеттин, жеке же башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
16) 148-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"148-берене. Жеке менчик түрүндөгү уюмдардын Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жаатындагы программаларды ишке ашырууга катышуусу
Жеке менчик түрүндө негизделген саламаттык сактоо уюмдары түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы программаларды ишке ашырууга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруучу аткаруу органынын бюджетинин каражаттарынан төлөө менен катыша алат.";
17) 161-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери кепилденген эмгек акыга укуктуу. Медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) 5 жылдан 10 жылга чейинки иш стажы үчүн - он пайыз өлчөмүндө, 10 жылдан 15 жылга чейин - жыйырма пайыз өлчөмүндө, 15 жылдан жогору - эмгек акынын отуз пайыз өлчөмүндө;";
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4, 5 жана 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 8-бөлүктө "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын;
д) 11-бөлүктө ", ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда алардын ден соолугуна зыян келтирилген же каза болгон учурларда милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул Мыйзамдын 2024-жылдын 17-июлунан тартып күчүнө кире турган 4-беренесин кошпогондо, 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |