АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2024-жылынын 22-августу №6/11
“Ала-Бука айылынын тургуну Болотбеков Бекжанга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20-август 2024-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы токтом кылат:
1. Болотбеков Бекжандын Америка Кошмо Штатында окуусун ийгиликтүү улантуусу үчүн америкалык AppIe маркасынын “Макбук про” үлгүсүндөгү ноутбукту сатып алуу үчүн керектелүүчү 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Умаров |