Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июлу № 427
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин маалыматтык камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 21, 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине маалымат берүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарынын жана уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-октябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин маалымат-аналитикалык борборуна маалымат берүүчү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка борбордук аткаруу органдарынын тизмеси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине маалымат берүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарынын жана уюмдардын ТИЗМЕГИ
1. Министрликтер, административдик ведомстволор (анын ичинде түзүмдүк жана ведомстволук бөлүкчөлөр), аскердик түзүлүштөр (бирикмелер, бөлүктөр жана мекемелер).
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
3. Мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана иши мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдар.