Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 18-октябры № 36
Жер тилкени муниципалдык менчикке (баланска) алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесинин 1, 2-бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2,3,5,9-беренесинин жана Чүй облусунун райондор аралык сотунун 2020-жылдын 30-январындагы чечиминин негизинде, Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1.Чүй облусунун райондор аралык сотунун 2020-жылдын 30- январындагы чечиминин негизинде, Бурана айыл аймагына караштуу «Токмок» участкасындагы 15 га жер тилкеси Бурана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (балансына) кабыл алынсын.
2.Бурана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги «Токмок» участкасындагы 15 га жер тилкеси Токмок-Чүй филиалы “Кадастр” мекемесинин каттоосунан өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы муниципалдык менчик,турак-жай жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |