КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму
2023-жылдын 8-июну № 4/34
«ИХЛАС»-эл аралык мектебинин кайрылуусунун негизинде
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында жайгашкан «ИХЛАС»-эл аралык мектебинин кайрылуусун, Күнтуу айыл аймагынын жер комиссиясы мыйзам чегинде карап чыксын;
2. Күнтуу айыл өкмөтү, жер комиссиясы менен биргеликте жеринде көрүп туура чечим кабыл алсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.К.Максутовага жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы | М.А.Тобоев |