КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму
2023-жылдын 8-июну № 4/35
Күнтуу айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу баасын кайрадан карап бекитип берүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кеңеши «Таза Күнтуу»- муниципалдык ишканасынын директору В.М. Шиловтун суроо талабын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-июль айынан баштап төмөнкү тарифте (чен) иш алынып барылсын:
1.1. Күнтуу айыл аймагында жайгашкан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн төлөө акысы 220-сомдон бекитилсин;
1.2. Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан айылдарга, баардык үй башына таштандысын чыгаруу үчүн төлөө наркы 80-сомдон (сексен) бекитилсин;
1.3. Күнтуу айыл аймагындагы баардык айылдардагы, үйлөрүн батир катары берүүчү, үй ээлерине 220-сомдон бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Д.Омуралиевага жүктөлсүн;
3. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы | М.А.Тобоев |