Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 28-октябры № 48
Бурана айыл аймагы боюнча К-3 зоналык коэффициентинин калктуу конуштун экономикалык- пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 4 пунктун жетекчиликке алуу менен жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй району боюнча башкармалыгынан 2022-жылдын 25-октябрында №32 келген катынын негизинде,Бурана айылдык кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл аймагынын К-З зоналык коэффициентинин калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша өлчөмү 1,2 коэффициенти болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бурана айылдык кенешинин экономика,бюджет,салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Эсеновго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |