Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 29-декабры № 49
Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин тооруктун биринчи баштапкы баасы жана кадамдык көтөрүм бааларын кабыл алуу тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтому менен “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” бекилген Типтүү Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. КБФ (ФПС) жерлеринин регламенти жана келечек планы бекитилсин.
2. Бурана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы №2-протоколунун негизинде, Бурана айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин торук аркылуу берүү үчүн:
-Баштапкы баасы (стартовый стоимость 20% от налога)20% 1 га 8300 сом деп бекитилсин.
-Арымы шаг 10% 1 га 830 сом болсун.
-Кирүү акысы(первоначальный взнос)-8300:30%= 1 га 2490 сом болсун.
-Ижара мөөнтү 5(беш) жыл болсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |