Загрузка документа…
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 29-декабры № 53
Жергиликтүү мулк салыктары жана жыйымдар жөнүндө
Бурана айылдык кенеши, «Кыргыз Репсубликасынын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Чүй району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы №106 катынын негизинде, Бурана айылдык кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. 2023-жылдын 1-январынан баштап Бурана айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдар киргизилсин:
1.Жергиликтүү мүлк салыктары:
1) Турак жай имаратына,курулмага жана жайга мүлк салыгы;
2) Турак жай эмес имаратка,курулмага жана жайга салык;
3) Үй жанындагы,короо жайга жана багбанчылык-чарбак жер участогуна
мүлк салыгы;
4) Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы
эмес жерлерге салык;
5) Транспорт каражатына мүлк салыгы.
2. Токтомдун аткарылышы Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы,экономика жана бюджет комитетинин төрагасы М.Эсеновго жүктөлсүн.
Төрага |
А.Б.Исагалиев |