КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV отуруму
2023-жылдын 8-июну № 4/38
Күнтуу айыл аймагындагы көрүстөндөр боюнча
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгып, Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында жайгашкан баардык көрүстөндөр, ушул аймакта каттоодо туруп, туруктуу жашап каза болгон маркумдарга бөлүнүп берилсин;
2. Ички миграция болуп көчүп келип туруктуу жашап, катоого турган жана Күнтуу айыл аймагынын тегерегиндеги жайгашкан багбанчылык (дача) коомдук бирикмесиндеги жарандарга берилген 4-гектар жер аянты толуп калгандыгына байланыштуу, Сокулук райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 02-мартындагы №1102/84 көрсөтмөсүнүн негизинде, Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылындагы №2/7 токтому менен жабылган;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Джумалиев ички миграция болуп көчүп келип туруктуу жашап, катоого турган жана Күнтуу айыл аймагынын тегерегиндеги багбанчылык (дача) коомдук бирикмесинде жайгашкан жарандарга Сокулук районуна караштуу, Сокулук айыл өкмөтүнө маркумду коюуу үчүн атайын жер бөлүнгөндүгү тууралуу, маалыматты баардык жарандарга жайылтуу иштери жүргүзүлсүн;
4. Өз билемдик менен маркумдарды Күнтуу айыл аймагына коюуу үчүн уруксаат берген жарандарга, атайын мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Максутовага жүктөлсүн;
6. Бул токтом WWW Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасы | М.А.Тобоев |