Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2022-жылдын 21-октябры № 37
Таза суунун скважинасын орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргызстан айылдык аймагына караштуу Көк-Дөбө айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында 121-контурдун түштүк батыш тарабынан таза суунун скважинасын орнотуу үчүн Кыргызстан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Дөбө айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында 121-контурдун түштүк батыш тарабынан таза суунун скважинасын орнотуу үчүн 0,1 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин
2. Жер тилимин бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Жунусалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Оморов |