Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышы
2022-жылдын 16-декабры № 41
Таза суунун скважинасын орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргызстан айылдык аймагына караштуу Талас айылынын Южный участогундагы Түштүк көчөсүндө жайгашкан суу мунарасынын орду системалык каттоодон өткөн идентификациялык коду 6-03-02-1001-0362,жалпы аянты 2992,5кв.м болгон бош жаткан,ээси аныкталбаган жерди суу мунарасынын ордун Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 1-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү үчүн Кыргызстан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас айылынын Южный участогундагы Түштүк көчөсүндө жайгашкан суу мунарасынын орду системалык каттоодон өткөн идентификациялык коду 6-03-02-1001-0362, жалпы аянты 2992,5 кв.м болгон бош жаткан, ээси аныкталбаган жерди суу мунарасынын ордун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. Жер тилимин бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М.Жунусалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К.Оморов |