Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 379
2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча окутууга чыгымдар министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору буйрук менен кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планын бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу КӨЛӨМҮ
№ | Шифр | Адистиктердин аталышы | Гранттык орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050303 | Чет тили | 75 |
2 | 050501 | Кесиптик билим берүү (тармактар боюнча) | 15 |
3 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 25 |
4 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 208 |
5 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 450 |
6 | 050721 | Дене тарбия | 40 |
7 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 60 |
8 | 070802 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча) | 12 |
9 | 070903 | Скульптура | 12 |
10 | 070907 | Живопись | 12 |
11 | 080106 | Финансы (тармактар боюнча) | 45 |
12 | 080107 | Салыктар жана салык салуу | 15 |
13 | 080114 | Жер-мүлктүк мамилелер | 20 |
14 | 080404 | Логистикадагы операциялык иштер | 15 |
15 | 100105 | Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу | 25 |
16 | 110201 | Агрономия | 30 |
17 | 110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 10 |
18 | 110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 60 |
19 | 110305 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы | 30 |
20 | 110902 | Ихтиология жана балык өстүрүүчүлүк | 10 |
21 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 15 |
22 | 111201 | Ветеринария | 50 |
23 | 120101 | Колдонмо геодезия | 30 |
24 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 30 |
25 | 130305 | Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо | 25 |
26 | 130403 | Ачык тоо-кен иштери | 10 |
27 | 130404 | Пайдалуу кен чыгуучу жерлерди жер алдында иштетүү | 15 |
28 | 130504 | Мунай жана газ скважиналарын бургулоо | 20 |
29 | 140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 40 |
30 | 140212 | Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) | 40 |
31 | 140613 | Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча) | 15 |
32 | 150411 | Өнөр жай жабдууларын жана сантехникалык түзүлүштөрдү монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 15 |
33 | 151001 | Машина куруу технологиясы | 25 |
34 | 190503 | Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (суу транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча) | 45 |
35 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 55 |
36 | 190605 | Көтөрүүчү-транспорттук, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо | 20 |
37 | 190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортунан башка транспорттун түрлөрү боюнча) | 25 |
38 | 210406 | Байланыш тармактары жана коммутациялык системалар | 20 |
39 | 210407 | Байланыш каражаттарын эксплуатациялоо | 20 |
40 | 220206 | Маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгуу системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 40 |
41 | 230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) | 15 |
42 | 230109 | Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо | 100 |
43 | 230110 | Эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө | 25 |
44 | 230111 | Компьютердик системаларда программалоо | 25 |
45 | 230115 | Компьютердик тармактар | 25 |
46 | 250403 | Жыгач иштетүү технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо | 25 |
47 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 20 |
48 | 260204 | Ачытуу өндүрүшүнүн технологиясы жана шарап жасоо | 15 |
49 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 40 |
50 | 260903 | Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы | 60 |
51 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 50 |
52 | 270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдетүүнү монтаждоо жана эксплуатациялоо | 25 |
53 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
54 | 270208 | Инженердик курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 40 |
55 | 270301 | Архитектура | 50 |
56 | 270401 | Нарктык инжиниринг | 10 |
57 | Эксп. | Гидротехникалык куруу | 15 |
58 | Эксп. | Экология жана энергиянын натыйжалуулугу | 12 |
Бардыгы: | 2301 | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
59 | 060101 | Дарылоо иши | 250 |
60 | 060102 | Акушердик иш | 325 |
61 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 50 |
62 | 060105 | Профилактикалык стоматология | 25 |
63 | 060109 | Медайым иши | 525 |
64 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 150 |
65 | 060112 | Медициналык массаж | 10 |
Бардыгы: | 1335 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | |||
66 | 050723 | Дене тарбия жана спорт | 25 |
67 | 070102 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 123 |
68 | 070104 | Вокалдык искусство | 24 |
69 | 070106 | Хордук дирижерлөө | 18 |
70 | 070109 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | 12 |
71 | 070113 | Музыка теориясы | 9 |
72 | 070201 | Актердук искусство | 24 |
73 | 070302 | Балет искусствосу | 40 |
74 | 070601 | Дизайн | 16 |
75 | 070802 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 18 |
76 | 070907 | Живопись | 25 |
77 | 071202 | Китепкана таануу | 33 |
78 | 071402 | Социалдык-маданий иштер жана элдик көркөм чыгармачылык (түрлөрү боюнча) | 60 |
79 | 100105 | Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу | 8 |
Бардыгы: | 435 | ||
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | |||
80 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
81 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө | 20 |
82 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
Жалпы: | 4131 | ||