Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын
2024-жылынын 09-августу №2
“Ак-Тоок айылындагы фельдшер-акушердик
пунктка ысым ыйгаруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы фельдшер-акушердик пунктка ысым ыйгаруу боюнча Ак-Тоок айылынын тургундарынын протоколун окуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылындагы фельдшер-акушердик пунктка көп жылдык эмгеги сиңген маркум Джалилов Закир Чотбаевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн
баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке
жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | К.Кушбаков |