Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын
2024-жылынын 09-августу №3
“Чымчык-Жар айылындагы "Жоогазын" мектепке чейинки билим берүү уюмуна ысым ыйгаруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылындагы "Жоогазын" балдар бакчасына ысым ыйгаруу боюнча Чымчык-Жар айылынын тургундарынын протоколун окуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылындагы
"Жоогазын" мектепке чейинки билим берүү уюмуна көп жылдык эмгеги сиңген
маркум Сыргабаева Мисираттын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн
баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айыл
аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке
жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | К.Кушбаков |