Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын
2024-жылынын 09-августу №4
“Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылынын тургуну Ж.Маматаевдин кайрылуусун жана Катыраңкы айылынын тургундарынын протоколун карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясынан Катыраңкы айылына чейинки көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу маркум Кожомбердиев Маматбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз- Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мурзакматовго
милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевке
жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | К.Кушбаков |