Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2022-жылдын 16-декабры № 43
Трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргызстан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Кыргызстан айыл аймагындагы Көк –Дөбө айылынын Куланбаев көчөсүндө турган трансформатордук подстанциясынан электр тогун бөлүштүрүүчү трансформатор орнотуу үчүн Кыргызстан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк –Дөбө айылындагы Куланбаев көчөсүнүн № 6-03-02-1002 -0087коду менен өткөн, жер аянтынын батыш тарабында трансформатордук подстанциясынан электр тогун бөлүштүрүүчү трансформатор орнотууга 6 кв.м жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Манас районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан трансформатордук подстанция орнотуу үчүн уруксат иш кагаздарын берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жунусалиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Оморов |