КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 46
Кыргызстан айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2023-жылга бюджетин бекитүү
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Кыргызстан жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Жайыт комитетинин башчысы С. Мырзахматов баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү) аткарылышын жетекчиликке алып Кыргызстан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн малчылардан алынуучу тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
Туяк башына – кой-эчки 5 сом
Кара мал – уй,бука,жылкы – 30 сом.
2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө статья (14152200) түшкөн акча каражатын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине 3/2 (үчтөн эки) бөлүгү которулуп берилсин.
3. 2023-жылга карата мал башы кобойгондугуно байланыштуу киреше болугу 2400 сомго озгорду.
4. Жайыт комитетинин 2023-жылга карата киреше бөлүгү– 146,5 мин сом жана чыгаша бөлүгү -146,5мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Дыйкан-фермер чарбалар жана жеке чарбалар менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С. Мырзахматов милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.Жунусалиевке, аткаруу жагын убактылуу милдеттин аткаруучу каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Субанбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Оморов К |