Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-июлу № 395
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында табигый кырсыктардан жабыр тарткан субъекттерге бөлүнгөн мамлекеттик зайымдык каражаттарды өз убагында алууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд:
1) берилген насыялык-күрөөлүк документтердин негизинде бөлүнгөн ипотекалык ссудаларды белгиленген тартипте кайтарууну камсыз кылсын;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ипотекалык ссудаларды жана табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга бир жолку акысыз жардам берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алууну токтотсун. Ошол эле учурда турак жай курууга мурунку траншты алган жабыркаган адамдар аткарылган иштердин актыларына ылайык тиешелүү отчетту бергенде кийинки транштарды 2026-жылдын 1-январына чейин алууга укуктуу.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 "Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга карата республикалык бюджети жөнүндө, "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти берген тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал белгилеген тартипте ишке ашырылат.
Мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды даярдоо, тындыруу жана табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жеке жактарга акча каражатын төлөп берүү боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө үчүн каражаттар, ошондой эле сертификаттарды берүү, мамлекеттик субсидияларды тариздөө бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында "Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар" статьясы боюнча белгиленген тартипте каралат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго (мындан ары - Фонд) жабыркаган жактарга берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берет.";
- 5-пунктта "Департамент" деген сөз "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пунктта "Департаментине ушул подразделение аныктоочу документтердин" деген сөздөр "Фондго арызды, ошондой эле ким экенин күбөлөндүргөн жана жер участогуна болгон жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документтердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта "Департаментине пайдубал, каркас (тирөөч дубалдарды), чатырды курууга" деген сөздөр "Фондго ипотекалык ссуда алууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацта "жер участогун пайдалануу укугун" деген сөздөр "жер участогуна жеке менчик укугун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацта "Департамент" деген сөз "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 10-пунктта:
биринчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Фонддун өтүнмөсүнө ылайык табигый кырсыктардан жабыркаган жактарга ипотекалык ссуданы төлөө жана бир жолку акысыз жардам үчүн каржылоону камсыз кылат.";
- 13, 15-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдө "Департамент" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 17-пунктта:
"карыз алуучунун жүргүзүп жаткан иштери жана финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды чогултушат," деген сөздөр алып салынсын;
"кредиттик келишимде" деген сөздөр "зайымдык келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- VIII главанын аталышында "Кредиттик келишимге" деген сөздөр "Зайымдык келишимге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин органдарында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктта "кредиттик келишим" деген сөздөр "зайымдык келишим" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |