Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июлу № 398
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 "Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү мезгилинде өлкөнүн рыногунда сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу кепилденген дары каражаттарынын тартыштыгына жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 "Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбулада "9, 11, 12-беренелерин" деген сөздөр "17, 18, 20-беренелерин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун 3-пунктчасында "2023" деген цифралар "2024" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |