Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 409
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылындагы жер участогун жана сейил бак-пляждык зонаны берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "116" деген цифралар "116Ꞌ" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пунктта "116", "7" деген цифралар тиешелүү түрдө "116'", "4,3" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |