Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын
кезектеги XXXIX сессиясы
2024-жылдын 23-августундагы №30/39-13
Чолпон-Ата шаарынын «Аялдар кеӊеши» тууралуу
Жобону бекитүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаарынын «Аялдар кеӊеши» тууралуу Жобону бекитип берүү жөнүндө, шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-августундагы отурумунун бүтүмүн карап, маселени талкуулап чыгып Чолпон-Ата шаардык кеӊеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын «Аялдар кеӊеши жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме 1)
2.Массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облсутук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Бакиров
Тиркеме №1
БЕКИТИЛДИ
Чолпон-Ата шаардык кенешинин _________-чакырылышынын кезектеги _______-сессиясынын 2024-жылдын _________ №____ токтому
Чолпон-Ата шаарынын Аялдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Чолпон-Ата шаарынын Аялдар кеңеши (мындан ары – аялдар кеңеши) Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калктын жашоо турмушун камсыз кылган мекемелер жана уюмдар, Чолпон-Ата шаарында иш жүргүзгөн коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналат.
2. Аялдар кеңеши төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
- коомдук иштерге аялдарды тартууга;
- аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын, энеликти жана балалыкты коргоого;
- Чолпон-Ата шаарынын бардык жашоо чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга;
- Чолпон-Ата шаарынын коомдук, социалдык жана маданий жашоосунда аялдардын ролун жогорулатууга;
- аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун сактоону камсыз кылууга;
- аялдардын энелик жана үй-бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна;
- жакыр үй-бүлөлөргө колдоо, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.
3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине негиздейт.
4. Коомдук уюмдун негизги иш формасы отурум болуп саналат. Аялдар кеңешинин отуруму кварталына 2 жолу өтөт.
5. Аялдар кеңешинин чечими сунуш киргизүүчү мүнөзгө ээ.
6. Жашына, билимине, социалдык абалына карабай Чолпон-Ата шаарынын активдүү жашоочулары аялдар кеңешинин мүчөсү боло алышат.
7. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.
II. Аялдар кеңешинин негизги максаттары
8. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- аялдардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөнү сактоого;
- ар кандай себептерден улам жетимдикке туш болгон, ата-энесинин камкордугунан, руханий жулуулуктан ажыраган балдарды коргоого;
- аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө;
- жеке жана үй-бүлөлүк мамилелерди өнүктүрүүнү айкалыштырууга;
- үй-бүлө статусун бекемдөөгө;
- улуттук жана руханий аң-сезимди калыбына келтирүүгө;
- Чолпон-Ата шаарынын жашоочуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, акыл-эс жана физикалык жактан өстүрүү үчүн шарттарды түзүүгө.
III. Аялдар кеңешинин милдеттери
9. Коюлган максаттарга жетүү үчүн аялдар кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
- коомдук ишке аялдарды активдүү тартуу;
- көп балалуу үй-бүлөлөргө, турмуштук оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам берүү;
- үй-бүлөлөк баалуулуктарды, сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо;
- үй-бүлөнү, энеликти бекемдөө, баланын укуктарын коргоо;
- Чолпон-Ата шаарында жашаган калктын улуттук салттарын сактоо;
- улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу.
IV. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары,
алардын иш алып баруу компетенциясы
10. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү, маданий баалуулуктарды жана салттарды сактоо максаты менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарына шайкеш муниципалдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө, аларга колдон келишинче катышууга;
- социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;
- аялдардын жана үй-бүлөнүн кызыкчылыктарына, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого тиешелүү тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын карап чыгууга;
- социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, муниципалдык бюджеттен каражат сурап алууга;
- Чолпон-Ата шаарынын аялдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө Чолпон-Ата шаарынын коомчулугунун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын көңүлүн бурууга.
11. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Чолпон-Ата шаарынын аялдарын коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине, башка муниципалдык иш-чараларды уюштурууга тартууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
- кайрымдуулук иштерине катышууга;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
- консультациялар үчүн адистерди тартууга;
- Чолпон-Ата шаарындагы аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
12. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ишинин компетенциясына төмөнкүлөр дагы кирет:
- Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- төрайымды жана анын орун басарын тандоо;
- аталган уюм каалаган ишти жүзөгө ашыруу, бардык маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
V. Аялдар кеңешинин төрайымы
13. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал эми ал жок учурда анын орун басары:
- Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык түзүлүшүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдар кеңешинин кызыкчылыктарын коргойт;
- коомдук уюмдун ишин бекитилген иш планга ылайык уюштурат;
- Аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
- уюмдун иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;
- ЖМК аркылуу уюмдун иши жөнүндө калкты кабарландыруу укугуна ээ.
VI. Каттоого алынуучу документтер
14. Уюмдун каттоого алынуучу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Аялдар кеңешинин иш пландары;
- Аялдар кеңешинин отурумдарынын протоколдору;
- уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
- аткарылган иштер жөнүндө отчеттор.
VII. Башка жоболор
15. Аялдар кеңешинин түзүлүп бекитилген планга ылайык иш алып барат.
16. Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчет берет.
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин
жооптуу катчысы Г.Андабекова