Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 524
Түркмөнстандан келген жүктү натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу Түркмөнстандан келген жүктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Түркмөнстандан ташылып келинүүчү 2000 (эки миң) тонна көлөмүндөгү суюлтулган газ аны ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырууда товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
2. "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына Түркмөнстандан келген 2000 (эки миң) тонна суюлтулган газды сатуу жана түшкөн акча каражаттарын Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин калыбына келтирүү үчүн пайдалануу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Жапаров |