Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 5-апрели  № 5/3-XXVIII

Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, ошондой эле арыз ээси Н.М. Исаковдун маалыматын жана долбоорун угуп, жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын, Достук айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Т.Джаркинбаевдин маалыматын угуп жана карап чыгып, Достук айыл аймагында жеке менчик укугунда Н.М. Исаковго таандык, жалпы аянты 90,35га № 926,944 контурларындагы жайгашкан жер участокторун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына, индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө Достук айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.М. Исаковго жеке менчик укугунда таандык, жалпы аянты 90,35 га Достук айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 926,944 контурундагы жер участокторун индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жеке менчик укугунда Н.М. Исаковго таандык, жалпы аянты 90,35 га Достук айыл аймагында жайгашкан № 926,944 контурундагы жер участокторун «Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө жана бул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте бекитүүгө өтүнүч кат берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Айтиев Т.Т.