Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024 жылдын 28-марты  № 2/2-XXVIII

Достук айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү тууралуу

 

Достук айылдык кеңешинин депутаттарынын ишин жөнгө салуучу жергиликтүү кеңештин Регламенти жөнүндө, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын негизинде, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан маалыматты угуп жана талкуулап, Достук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айылдык кенешинин торагасы Т.Т.Айтиевге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү кеңештин Регламенти боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.У.Усмановго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Айтиев Т.Т.