Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 500 токтому менен бекитилди) |
“Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкаруунууюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун убактылуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылууМамлекеттик чек арадан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү (мындан ары – электрондук кезек системасы) уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун субъекттерин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарынын кирүү убактысын электрондук кезек системасында брондоо боюнча кызмат көрсөтүү (мындан ары – электрондук брондоо кызматы) – күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарынын кирүү убактысын брондоо боюнча электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүү;
2) транспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна кирүүсүн электрондук кезек системада брондоо убактысы (мындан ары – брондоо убактысы) – электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасыныноператору тарабынан белгиленген, транспорт каражаты күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна кире ала турган убакыт аралыгы;
3) күтүү зонасы – өткөрүү пунктунун алдында жайгашкан жана транспорт каражаттарын электрондук кезек системасында каттоо, аларды акысыз негизде жайгаштыруу, ошондой эле электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык өткөрүү пунктуна кирүү үчүн багыттаган атайын жабдылган аянтча;
4) башкы табло – күтүү зонасында турган жана электрондук кезек системасынын учурдагы абалын чагылдыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш;
5) электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору – электрондук кезек системасынын ишин башкаруучу жана анын талаптагыдай иштешин камсыз кылуучу, ошондой эле күтүү зонасынын ишин башкаруучу жана анын иштешин камсыз кылуучу, анын ичинде транспорт каражаттарын электрондук кезек системасында каттоону, аларды акысыз негизде жайгаштырууну, ошондой эле электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык өткөрүү пунктуна кирүү үчүн багыттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
6) электрондук кезек системасы – электрондук кезек системасынын операторунун, күтүү зоналарынын, өткөрүү пункттарынын операторлорунун ыйгарым укуктуу адамдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысынан турган жана күтүү зоналарынан өткөрүү пункттарына транспорт каражаттарынын кирүү кезегин белгилеген программалык-аппараттык комплекс.
2. Транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынан электрондук кезек системасын пайдалануу менен чыгуусу
3. Пилоттук долбоордун алкагында электрондук кезек системасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынан транспорт каражаттарынын чыгуусу “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.
4. Электрондук кезек системасы “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарын киргизүү регламентин ишке ашырууну камсыз кылат. Электрондук кезек системасын сервис каражаттары менен башкаруу максатында өткөрүү пунктуна транспорт каражаттарын киргизүүнүн төмөнкү этаптарын координациялоо, коштоо жана белгилөө жүзөгө ашырылат:
1) пайдалануучунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүнү күтүү кезегиндеги ордун сервистин каражаттары менен брондоосу;
2) транспорт каражатынын күтүү зонасына келиши;
3) транспорт каражатынын өткөрүү пунктуна кирүүсү үчүн чакырууну күтүү;
4) күтүү зонасынан өткөрүү пунктуна баруу үчүн чакыруунун негизинде транспорт каражатынын чыгышы;
5) транспорт каражатынын өткөрүү пунктунун аймагына кирүүсү;
6) чек арада мамлекеттик контролдун түрлөрүнөн өтүү;
7) транспорт каражатынын автомобилдик өткөрүү пунктунун аймагынан чыгуусу.
5. Электрондук кезек системасында брондоо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуучу жүк ташуучу автомобилдик транспорт каражаттарына карата жүргүзүлөт.
6. Электрондук кезек системасында брондоо өткөрүү пунктуна пландаштырылган келүүнүн белгилүү биркүнүнө жана убактысына же күтүү зонасына келгенден кийин бошогон биринчи убакытка кезек күтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Электрондук кезек системасында белгилүү бир убакытка брондолгон транспорт каражаттары күтүү аймагына брондоо убактысы башталганга чейин 30 мүнөттөн кечикпей келиши керек.
7. Өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу транспорт каражаттарынын, товарлардын, ошондой эле көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын коштоп жүргөн адамдардын жана товарлардын өтүшүнө мониторинг жүргүзүү электрондук кезексистемасын пайдалануу менен бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Электрондук брондоо кызматын көрсөтүү тартиби, ошондой эле электрондук брондоо кызматы көрсөтүлө турган транспорт каражаттарын брондоо убактысы жана саны жөнүндө маалымат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылат.
9. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган электрондук кезек системасынын иштөө эрежелерин иштеп чыгат, алардатөмөнкүлөр аныкталат:
1) транспорт каражаттары автомобилдик өткөрүү пунктуна жиберилүүчү күтүү зонасы;
2) күтүү зонасынын инфраструктурасы боюнча сунуштар;
3) брондоо үчүн жалпы эрежелер, түрлөрү жана маалыматтын көлөмү;
4) электрондук кезек системасынын иштөөсүнүн технологиялык процесстери;
5) артыкчылыктуу кезекти түзүү тартиби;
6) транспорт каражаты күтүү зонасына же өткөрүү пунктуна система менен белгиленген убакытта келбегенде же өз убагында келбегенде электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын пайдалануучусунун жана операторунун аракеттери.
10. Электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын оператору пайдалануучугакүтүү кезегиндеброндолгон транспорт каражаты жөнүндө гана маалымат берүүнү төмөнкү көлөмдө камсыз кылат:
1) транспорт каражатынын күтүү кезегиндеги орду;
2) болжолдуу кезек күтүү убактысы;
3) транспорт каражатын өткөрүү пунктуна жиберүү статусу;
4) өткөрүү пунктуна келүү статусу;
5) өткөрүү пунктунан кетүү статусу.
11. Электрондук кезек системасынын жана күтүү зоналарынын оператору тарабынан транспорт каражаттары күтүү аймагына келгенде электрондук кезек системасына төмөнкүлөркатталат:
1) жалпы тартипте келгендер – күтүү аймагына келүү убактысына жараша;
2) күтүү зонасынан кезексиз өткөрүү пунктуна кирүү укугу барлар – өткөрүү пунктуна кезексиз кирүү укугун көрсөтүү менен күтүү зонасына келген убактысына ылайык;
3) брондоо убактысы башталгандан кийин күтүү зонасына келген электрондук брондоо кызматын пайдаланган жактар – күтүү зонасына келүү убактысына ылайык;
4) брондоо убактысы башталганга чейин күтүү зонасына келген электрондук брондоо кызматынан пайдаланган жактар брондоодо көрсөтүлгөн убакытта күтүү залына келген убакытка ылайык;
5) электрондук брондоо кызматын колдонбостон күтүү зонасына келген жактар.
12. Катталган транспорт каражаттары электрондук кезек системасынын жана күтүү залынын оператору тарабынан аныкталган жерге жайгаштырылат.
13. Электрондук кезек системасы иштеген өткөрүү пункттарына транспорт каражаттарынын кирүүсү электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык күтүү зоналарынан жүргүзүлөт.
Электрондук брондоо кызматынан пайдаланган, брондоо убактысы башталганга чейин күтүү аймагына келген жактардын транспорт каражаттарын күтүү аймагынан чыгуу жана өткөрүү пунктуна кирүү үчүн чакыруу брондоо убактысына ылайык жүргүзүлөт. Күтүү зонасынан чыгуу жана өткөрүү пунктуна кирүү үчүн башка транспорт каражаттарын чакыруу электрондук кезек системасы тарабынан белгиленген кезекке ылайык жүргүзүлөт.
Транспорт каражатын чакыруу, ошондой эле электрондук кезек системасынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат башкы таблодо, ошондой эле өткөрүү пунктунда жайгашкан техникалык каражаттарда көрсөтүлөт. Күтүү зонасында жалпы жеткиликтүү жерлерде көрсөтүлгөн маалыматты кайталаган көмөкчү таблолор жабдылышы жана жайгаштырылышы мүмкүн.
14. Электрондук кезек системасынын иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган программалык жана техникалык каражаттар үзгүлтүккө учураганда же иштебей калганда, же болбосо транспорт каражаттарынын кирүүсүн электрондук брондоо кызматын көрсөтүү объективдүү мүмкүн болбогондо, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине ылайык товарлардын айрым категорияларына берилген өткөрүү пунктуна кезексиз кирүү укугун эске алуу менен өткөрүү пунктуна алар күтүү зонасына келгенде кезекке туруу тартибинде ишке ашырылат.
15. Электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын операторунун, бажы органдарынын электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын иштешин камсыз кылуунун алкагында өз ара аракеттенүү тартиби бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
16. Электрондук кезек системасында камтылган маалыматтарга юридикалык жана жеке жактардынжетүүсү алардын өткөрүү пунктуна кирүү убактысын брондоосуна же аны жокко чыгаруусуна тиешелүү бөлүгүндө берилет.