МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-1
“Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу РЭТ филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүү жѳнүндѳ.”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 30.05.2024-жылындагы № 01-14-349 сандуу кайрылуусун, жана Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ѳнѳр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык РЭТинин, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы №24-9-8 токтому жокко чыгарылсын.
- Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар иш канасынын Майлуу-Суу РЭТ филиалына мѳѳнѳтсүз жаңы заманбап имарат курууга бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |