Загрузка документа…
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
2022-жылдын 31-майы №90
Тигүү цехи үчүн жалпы аянты 0,315га жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан Атбашы айыл аймагынын №50 контурунда жайгашкан “өнөр жай, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Жер комиссиясынын №11 протоколунун, 2022 жылдын 1 апрелиндеги райондук комиссиянын корутундусунун негизинде Атбашы айыл аймагынын №50 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,315 гектар жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууну Атбашы айылдык Кенешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022 жылдын №11 жер комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Атбашы айыл аймагынын №50 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,315 гектар жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которулсун.
3. Атбашы айыл окмоту жер жайгаштыруу иши Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
Төрайым | Д.Абыканова |