МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-3
“Майлуу-Суу шаарынын Горняцкий кѳчѳсүнүн аталышын ѳзгѳртүп, ордуна Тагай Бостонов ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ.”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 12.04.2024-жылындагы № 01-14- сандуу кайрылуусун, социалдык тармак, саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык Кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык Горняцкий кѳчѳсүнүн аталышы ѳзгѳртүлүп, Тагай Бостонов ысымына ыйгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, шаардык Мамкаттоо бѳлүмүнѳ жана тиешелүү мамлекеттик органдын шаардык бѳлүмдѳрүнѳ тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин социалдык тармак саламаттыкты сакто, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |