Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу № 29/6-28
Сын-Таш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Сын-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагынын №7095, №7096, №7097, №7098, №7099, №7100, №7101, №7102, № 7145 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.
Төрага | Джолдошбеков Э.Б. |