Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-4
“Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2026-2027-жылдарга мезгилдик планынын жактыруу жѳнүндѳ”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 23.07.2024-жылындагы № 01-14-450 сандуу кайрылуусундагы жергиликтүү бюджеттин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылдарга мезгилдик планын карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КР ФМ Майлуу-Суу финансы башкармалыгынын жетекчиси Г.С.Райимбекованын жана шаардын 1-вице мэри Н.Абдиганиевтин 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жѳнүңдѳ баяндамалары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаарынын 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнүн долбоору тѳмѳнкү суммада жактырылсын (№1-тиркеме):
- 2025-жылга долбоор-112969,3
- 2026-жылга долбоор-95762,1
- 2027-жылга долбоор-95922,1
3.Майлуу-Суу шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашалары боюнча 112969,3 анын ичинде бюджеттик каражаттар 98539,3 миң сом, атайын каражаттары боюнча 14430,0 миң сом суммасында №2,3 тиркемелерине ылайык жактырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышы шаардык каржы башкармалыгына, шаардык мэрияга тапшырылсын жана бул токтом Кыргыз Республикасынын финансы министирлигине жѳнѳтүлсүн.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6.Токтом жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
7.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |