Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-июну № 36/9-XXVIII
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги" ЖЧКнын ортосундагы Кыргыз-кытай келишиминин негизинде, жер-агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып, мамлекеттин менчигинде турган жалпы аянты 456,57 га жер участокторун которуу жөнүндө,анын ичинде контурлар: № 179 аянты 341,0 га, № 874 – 76,0 га, № 981 -13,67 га, № 982 – 9,83 га, № 983 – 12,7 га, № 984-2,88 га, № 199-0,10 га, № 861-0,10 га, № 862-0,10 га, соода-логистикалык борборду куруу үчүн Достук айыл аймагында жайгашкан "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргонуу, байланыш жана башка багыттагы жерлер" категориясына жана "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу, Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз - Кытай макулдашуусунун негизинде соода-логистикалык борборду куруу боюнча этаптардын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мурда кабыл алынган 20.05.2024ж. № 25/7- XXVIII "Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинги" ЖЧКнын ортосундагы Кыргыз-Кытай макулдашуусунун негизинде индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн Достук айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган жер участокторунун жалпы аянты 456,57 га, алардын ичиндеги контурдагы: № 179 аянты 341,0 га, № 874 – 76,0 га, № 981 -13,67 га, № 982 – 9,83 га, № 983 – 12,7га, № 984-2,88 га, № 199-0,10га, № 861-0,10га, № 862-0,10 га “Айыл чарба багытындагы жерлери" категориясынан “Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргоо, байланыштын жана башка багыттагы жерлер" категориясына - 137,57 га, жана “Калктуу конуштардын жерлери" категориясына – 319,0га которууга макулдук берилсин.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинги" ЖЧКнын ортосундагы Кыргыз-Кытай макулдашуусунун негизинде индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн мамлекеттик менчикте турган, Достук айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 456,57 га, алардын ичиндеги контурлар: № 179 аянты 341,0 га, № 874 – 76,0 гектарга, № 981 -13,67 га, № 982 – 9,83 га, № 983– 12,7 га, № 984-2,88 га, № 199-0,10 га № 861-0,10 га № 862-0,10 га “Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан “Өнөр жай, транспорт, энергетика, коргоо, байланыш жана башка багыттагы" - 137,57 га жана "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына - 319,0 га которуу (трансформациялоо) жөнүндө өтүнүч кат берилсин жана бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Н. Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Айтиев Т.Т. |