Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2024-жылдын 1-августу № 31/7-28

 

Сын-Таш айыл аймагындагы Жетиген айылына мектеп куруу жөнүндө

 

Жетиген айылынын жашоочуларынын айылга мектеп куруу жөнүндөгү кайрылууларынын негизинде, Сын-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Жетиген айылына мектеп курууга өздүк салым кошуу үчүн Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен 4000,0 миң сом каралсын

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Э.Б.Джолдошбеков