Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2023-жылдын 6-апрели № 1

Ѳндүрүштүк жер аянттарын конкурстук негизде ижарага берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылынын Ак-Жар участкасындагы № 282,349 контурлардагы 2,35 га жана № 344,346 контурлардагы 2,30га ѳндүрүштүк багыттагы жер аянттарын арматура чыгаруучу завод жана канаттууларды ѳндүрүүчү ишкана куруу үчүн конкурстук негизде ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Н.Калматов)

 

3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев