МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-5
““Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жѳнүндѳ”
Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын ѳкүлүнүн маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын ѳкүлүнүн маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 20211-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жѳнүндѳгү” жобонун негизинде, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган тизме тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жѳнѳтүлсүн.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Токтом жарыялананган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин социалдык тармак , саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
| |