Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу № 33/7-28
Жайыт жерин ижарага берүү жөнүндө
“МС.Со” жоопкерчилиги чектелген коомдун генералдык директору М.И.Мияровдун кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 сандуу Токтомунун 2 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 05-февралындагы “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №43 токтомунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. “МС.Со” жоопкерчилиги чектелген коомго, “Ысык-Ата суусунун боюндагы № 504-505 контурларында жайгашкан 2,0 га жер тилкеси, кум-шагыл таштарды кайра иштетүү үчүн, техникалык шаймандарды орнотууга убактылуу колдонууга берилсин.
2. Бөлүнгөн жер участкасына капиталдык курулуш салынбасын.
3. “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык иш алып барылсын.
4. Жүк ташууда жолдорго зыян келтирбөө үчүн жолдун категориясына жараша эрежелер сакталсын.
5. Ижара төлөмдөрү Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте төлөнсүн жана ижара акысы бир жылга 1 га колдонулган жер участогу үчүн 100 000 (жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Ижара келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.12.2023-жылдагы №735 Токтомдо көрсөтүлгөндөй, “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишкана менен түзүлсүн.
7. Жергиликтүү калк үчүн, эштетилип чыгарылган сырье-материалдар (кум, отцев ж.б.) жеңилдетилип, 20% арзандатуу менен сатылсын.
8. Жогорудагы чечимдин көзөмөлү муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Чоткараевге жүктөлсүн.
Төрага: | Э.Джолдошбеков |