Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги XХVIII сессиясынын
2024-жылынын 20-августу №28-9-6
““Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын 6 айынын бюджетин тактоо жѳнүндѳ”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 04.07.2024-жылындагы № 01-14-423 сандуу кайрылуусундагы шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын финансы башкармалыгынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Т.Бакированын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына бекитилген чыгымдарды жабуу үчүн кошумча киреше бѳлүгүнүн планын тактоо 2780,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ № 1- тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
-Турак жайга же жайга мүлк салыгы- 260,0 миң сом;
- Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 2000,0 миң сом;
- Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын,
жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы - 140,0 миң сом:
- Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр -380,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын жана бул токтом Кыргыз Республикасынын финансы министирлигине жѳнѳтүлсүн.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Н.Бостонов |
|
|