Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 1-августу № 35/7-28
Сын-Таш айылындагы жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Сын-Таш айылындагы ички көчөгө, 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгон Чолпонбек Мусаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү протоколунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сын-Таш айылындагы жаңы конушунун ички көчөсүнө Чолпонбек Мусаев ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Чолпонбек Мусаев атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин бардык талаптары колдонулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: | Э.Б.Джолдошбеков |